7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду

373

Президент Садыр Жапаров “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык:

-ЖМКлар юстиция органдарынын каттоосунан өткөндөн кийин гана маалымат таратууга укуктуу болот. ЖМКнын иши негиздөөчүсүнүн же соттун чечими менен гана токтотулат.

-Цензурага катуу тыюу салынат. Кызмат адамдарынын, ЖМК негиздөөчүлөрүнүн анын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө тыюу салуучу жоболор камтылган.

-ЖМК маалымат булагын жашырууга укуктуу. Бирок бул норма соттун талабы түшкөн учурда иштебейт.

Кыргызстанда ЖМК түзүүдө чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга уставдык капиталдагы акциялардын, үлүштөрдүн 35 пайыздан ашыгына ээлик кылууга, колдонууга, башкарууга тыюу салынат.

374