7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жана КМШ мамлекет башчылары Орус музейине барышып, расмий эмес эртең мененки тамакка отурушту

581

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы Орус улуттук көркөм өнөр музейинде болду.

Шериктештиктин бейформал саммитине катышуу үчүн орус тараптын чакыруусу менен келген КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерин музейде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары Карл Брюллов, Иван Айвазовский, Федор Бруни жана академиялык мектептин башка чеберлеринин эмгектери коюлган Орус музейинин Михайловский сарайындагы экспозицияны кыдырып чыгышты.

Сапардын соңунда өлкө лидерлери расмий эмес эртең мененки тамакта аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582