7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлерине тартиптик жаза берилип, 4 кызматкер бошотулду

515

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырган Сузак райондук милициясынын кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды, ээлеген кызмат ордунан 4 кызматкер бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Ал эми ден-соолугуна сакайгандан кийин калган 3 кызматкерге да кызматтык жоопкерчилиги каралат.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазаларын алышты:

  • Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги А.Тагаев, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги З.Ормонов, Сузак РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын майору А.Бакиров, Сузак РИИБдин начальнигинин орун басары- кылмыш иликтөө кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Б.Маткеримов ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.
  • Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча начальнигинин орун басары Б. Кулжановго, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Н. Долоновго, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги С.Джумагуловго, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Штабынын начальниги милициянын полковниги М.Ташбаевге, Сузак РИИБдин начальнигинин кызмат боюнча орун басары милициянын майору К.Саркаровго, Сузак РИИБдин начальнигинин кадр боюнча орун басары милициянын майору Н.Далбаевага “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди.
  • Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлдөрү милициянын полковниктери Н.Жолоев, А.Абдыраимов “сөгүш” тартиптик жазасын алышты.

«Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин ыкчам иштер боюнча начальнигинин орун басары К.Рахмановдун, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кызмат боюнча начальнигинин орун басары Н.Сыдыковдун, Жалал -Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кадр боюнча начальнигинин орун басары М.Масиркуловдун тартиптик жоопкерчилиги ден-соолугу сакайгандан кийин карала тургандыгын белгилейбиз. Кемчилиги абдан көп, көйгөйү түгөнбөгөн, өз убагында мыйзамдуулукту сактоо боюнча чара көрбөгөн, коомдук тартипти сактоодо шалаакылык же жеке кызыкчылыктарды көздөгөн жетекчилерге кескин чаралар көрүлөт», — деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516