7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели

385

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.

«Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлорду тазалап жүрүшөт. Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы.

Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. Эл арасында “торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы” деген сын-пикирлер бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алынып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай. Ошондуктан, кимде мурда алынып келинген торлор бар болгон болсо жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч»,- деп жазды өлкө башчы.

 

386