7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

5

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.

Уюмдагы Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун негизги маселелери, аймактык коопсуздуктун абалы, заманбап коркунучтарга каршы туруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы жыйыны талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЖККУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон кала берерин ырастады. Ал Кыргызстандын жамааттык коопсуздук механизмин чыңдоого кошкон туруктуу салымын белгиледи.

Өз кезегинде ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов иш-чаралардын планы ийгиликтүү жана толук көлөмдө ишке ашырылганын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Уюмдагы төрагалыгын жогору баалады.

Ал Кыргызстандын демилгеси менен биринчи жолу өткөрүлгөн, катышуучу мамлекеттердин заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатындагы жамааттык дараметин чыңдоого олуттуу салым кошкон киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциянын маанисин өзгөчө белгиледи.

Башкы катчы ошондой эле Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы жыйынына даярдык пландаштырылган тартипте жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде жүргүзүлүп жатканын ырастады.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Имангали Тасмагамбетовдун мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин жана олуттуу салымын таануу иретинде аны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – «Достук» ордени менен сыйлады.

6