7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖМКларга билдирүү жасады

733

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Урматтуу айымдар жана мырзалар! Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчылар кеңешинин жыйыны жаңы эле жыйынтыкталды.

Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарына төрагалык кылууда, биз аны натыйжалуу өткөрүү боюнча бардык күч-аракетибизди жумшадык.

Кыргызстандын күч-аракети Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжасын арттырууга, Шериктештик мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө-мамлекеттерди активдүү тартууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка маанилүү чөйрөлөрдө бир топ маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. КРнын КМШга төрагалык кылуудагы артыкчылыктарынын бири экология жана жаратылышты коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси болду.

Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилиндеги маанилүү окуялардын катарына Шериктештик үчүн маанилүү болгон КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюусун кошууга болот. Биз Уюмдун алкагындагы кызматташуунун бардык спектрине, анын ичинде региондор аралык кызматташтык чөйрөсүнө, коопсуздук маселелерине, эл аралык терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө көңүл бурдук. Жыйында гуманитардык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган макулдашуулар жактырылып, чечимдер кабыл алынды.

Бүгүнкү жыйындын катышуучуларына жемиштүү жана конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдирем. КМШнын Башкы катчысы Сергей Николаевич Лебедевге жана анын командасына бүгүнкү иш-чараны мыкты даярдагандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат”,- деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734