Бишкекте саммит учурунда жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан жол кайгуул кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.
Маалыматка караганда, окуя 13-октябрда саат 20:00 чамасында болгон. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кайгуул кызматкерин 51 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен.
«Унаа айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө», -деп кабарлашты милициянын кайгуул кызматынан.