7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңештин отурумуна катышууда

584

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышууда.

Жыйын Россиянын президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Владимир Путиндин төрагалыгы астында өтүп жатат, анын ишине Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары — Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунун алдында Россиянын Президенти Владимир Путин Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен саламдашты. Андан кийин жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Отурумдун жүрүшүндө тараптар 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттерин жана негизги багыттарын карап чыгышат.

Эскерте кетсек, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши – Евразия экономикалык бирликтин жогорку органы.

 

585