26-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +2…+7, Талас аймагында +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9 градус жылуу болсо, Нарында 0…-5 градуска чейин суук болору күтүлүүдө.
Ал эми борбор калаада күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +3…+5 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +6…+8 градус жылуу болот.