7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автоунаадагы газ баллон жарылып, үч жашар бала каза болду

456

Навои облусунун Кызылтепа районунда Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, үч жашар наристе көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык 24-декабрь күнү эртең менен болгон. Кафелердин биринин алдында токтоп турган Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, ичиндеги айдоочу менен анын үч жаштагы баласы жаракат алган. Алар түрдүү жарааттары менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай уулу реанимация бөлүмүндө чарчап калган.

Бул окуя боюнча Райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү болжолдуу тергөө иштерин баштады.

457