7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Жиддага барды

610

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен барды.

Мамлекет башчысынын борту Жидда шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан башка сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611