Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда аял кичинекей кызы менен сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин суу жээгине издөө иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, ага кошумча 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар А.Э. аттуу аял кишинин сөөгүн суудан таап чыгышып, ИИМге өткөрүп беришкен.
Ал эми кичинекей кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Аны издөө бүгүн, 19-июлда улантылмакчы.
Кошумча маалымат берилет.