1-сентябрдан тарта мектеп директорлорунун айлыгы көтөрүлөөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
«Мугалимдердин статусун жогорулатуу маанилүү бойдон жыл сайын кала берет. Мектеп жетекчилери сынактын негизинде дайындалып бүттү. Сентябрь айынан баштап айлыктарын дагы көтөрөбүз. Дагы 136 миллион сом таап койдук»,- деди ал.