7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Санкт-Петербургга барды

720

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен учуп келди.

Мамлекет башчынын учагы “Пулково” эл аралык аэропортуна конду.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Россиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын Ппемьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара УТРКда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүү болжол менен саат 18:00 башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

721