7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

536

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев канатташ жашаган кыргыз-казак мамилеси акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, “Дүйнөдө бизден жакын эл жок. Кайгырса да, кубанса  да бирге болгон эгиз элдин ынтымагын мындан ары да арттырып, стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү башкы максатыбыз. Андыктан ар тараптуу алакаларды кеңейтип, калыптанган соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды улантышыбыз кажет”, – деди.

Муну менен катар жакында эле Казакстанда болгон президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган төрага, “Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында боордош казак элинде ири реформалар ишке ашырылып, байланыштарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.  Андан тышкары, соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу жаатындагы маселелерге токтолду.

Алсак, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максатталган. 

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берип, энергетика, коммуникация, транспорт жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу кеп кылды. Ошондой эле аймактар аралык байланышты бекемдөө багытында да тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын айткан элчи эки өлкөнүн жергиликтүү жетекчилери ортосунда форум өткөрүү планы бар экенин билдирип, баарлашууда айтылган сунуштардын бардыгын эске аларын кошумчалады.

Мындан сырткары жолугушууда Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келээри айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

537