7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Австрияга болгон сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

293

Бүгүн, 25-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кыргыз-австриялык биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташтык программасы.;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Австрия Республикасынын Федералдык финансы министрлигинин ортосундагы инновациялык технологиялар, мыкты тажрыйбалар жана экономикалык кызматташтык жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Австрия Республикасынын Федералдык финансы министрлигинин ортосундагы инновациялык технологиялар, пайдалуу кендерди казып алуу жана минералдык ресурстар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Австрия Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Австрия патенттик ведомствосунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “ANDRITZ HYDRO GmBH” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

294