7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди

470

Президент Садыр Жапаровдун 23-24-ноябрда Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров өлкө Президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын элдери бири-бирине канчалык жакын экенин ачык көрсөткөн эки тараптуу мамилелердин динамикасын белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана арттырууга өз ара умтулууларын ырасташты.

Андан соң Президент Садыр Жапаров БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө СПЕКА программасы өткөн жылдары экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, билим берүү жана саламаттык сактоону колдоого, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Борбордук Азияда жакырчылыкты азайтууга олуттуу салым кошконун баса белгиледи.

Саммиттин ишине программага мүчө өлкөлөрдүн Президенттери: Азербайжан — Ильхам Алиев, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан — Садыр Жапаров, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Өзбекстан — Шавкат Мирзиеев, ошондой эле ардактуу коноктор катары Грузиянын Премьер-министри Ираклий Гарибашвили, Венгриянын Премьер-министри — Виктор Орбан жана башка расмий адамдар катышты.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 24-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

471