7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктап, Кыргызстанга келди

375

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжандын Шуша шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышуусу аяктады.

Мамлекет башчысы иш сапарынын биринчи күнүндө, 5-июлда, Шуша шаарындагы жаңы курулуш объектилери менен таанышты.

6-июлда президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышты.

Саммитте сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, энергия үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү сыяктуу өлкө үчүн актуалдуу маселелерге токтолду. Президент ошондой эле транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүү өлкө үчүн маанилүү артыкчылык экенин белгиледи.

Бул өңүттө Садыр Жапаров ТМУ алкагында катышуучу-өлкөлөрдүн ортосундагы эл аралык аралаш ташуулар боюнча Макулдашууга кол коюуну жана транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүү программасын кубаттай турганын баса белгиледи. Бейформал ТМУ Саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапарын аяктап, 6-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.

376