7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Бахрейнге расмий сапары аяктады

208
Президент Садыр Жапаровдун Бахрейн Королдугуна 21-22-апрелде болгон расмий сапары аяктады. 
Манама шаарына болгон сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров менен Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын расмий жолугушуу аземи болду.
Салтанаттан кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттыкты сактоо, инфраструктура, маданият, юстиция жана дин чөйрөсү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар эки жактуу документке кол коюлду.
Ушул эле күнү Мамлекет башчысы Бахрейн Королдугунун Улуттук жыйынынын Консультативдик кеңешинин Төрагасы Али бин Салех Аль-Салех менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашылды.
Андан кийин Садыр Жапаров Бахрейндин Улуттук музейинде болду. Мамлекет башчысы өлкөнүн музейдин экспонаттарында көрсөтүлгөн байыркы Дильмун цивилизациясынан баштап азыркы Бахрейнге чейинки ар түрдүү мезгилдерди камтыган бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышты.
Президент Бахрейн тарапка өлкөнүн кылымдарды карыткан тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.
Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Бахрейндин Борбордук банкынын Директорлор кеңешинин Төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту. Финансы-банк тармагындагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги, анын ичинде инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.
Президент 22-апрелде Ысык-Көл облусуна кайтып келди.
209