7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапары аяктады

500

Президент Садыр Жапаровдун 24-25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапары аяктады.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарындагы турак жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдү көрүп чыгып, курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн, үйлөргө ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл шарттардын камсыздалышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент жеринде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, анда чек ара маселелерин чечүү чаралары тууралуу айтып, аларды кызыктырган башка суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчысы ошондой эле майор Б. Райымбеков атындагы “Капчыгай” жана Баткен районундагы “Достук” чек ара заставаларында болуп, имараттарды көрүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Экинчи күнү Садыр Жапаров Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушуп, алар менен аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Мындан башка Мамлекет башчысы Баткен районунун Кара-Бак айылындагы ички көчөлөрдүн тротуарлары бар жолдун бөлүгүнө таш төшөлмөсүн куруу боюнча пилоттук долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Жумушчу сапарынын алкагында Мамлекет башчысы ошондой эле Айдаркен-Кадамжай унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышып, жарандардан дайыма арыз түшүп турган Ноокат-Кызыл-Кыя автожолун капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жумушчу сапарын аяктап, Мамлекет башчысы Бишкекке кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

501