7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун чечими менен согуш ардагерлерине 200 миң сомдон берилет

211

Президент Садыр Жапаровдун чечими боюнча Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду.

Документке ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине почта чыгымдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 4 848 000 (төрт миллион сегиз жүз кырк сегиз миң) сом бөлүү тапшырылат:

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар;
– 941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдар жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдар.

212