Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаровдун имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынуусу тууралуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров жакында көзүнө операция жасалгандыгына байланыштуу, имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынып жүрүүгө туура келген.
«Мамлекет башчысына хирургиялык операцияны талап кылган көздүн төмөнкү жапкагынын энтропиону диагнозу коюлган», — дейт ал.