7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук турнири башталды

575

Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши башталды.

Турнирге ар тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышууда. Достук мелдеши «Газпром» спорт комплексинде өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, быйыл 16 команда катышууда: Алар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес», «Ноокат».

Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган «Мурас-Аймак» мелдешинин жеңүүчүсү Оштун «Ноокат» командасы «Мурас» турнирине жолдомо алып кошулду.

576