Садыр Жапаровдун 27-октябрда Казакстан Республикасына болгон бир күндүк иш сапары аяктады.
Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Астана шаарында жогорку деңгээлдеги, анын ичинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле, Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, Кыргызстан Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп тургандыгын белгиледи.
Ушул эле күнү кечинде Садыр Жапаров, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Европа Кеңешинин Президенти Шарл Мишель Астана шаарында 29-октябрга чейин улана турган Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.
Иш сапарын жыйынтыктаган соң Президент кечээ, 27-октябрда Бишкек шаарына кайтып келди.