7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктады

354

Президент Садыр Жапаровдун 21-24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу алкагында Нью-Йоркко (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапары аяктады.

22-сентябрда мамлекет башчысы Келечек саммитине катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөп, Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын фонддорун, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоодо маанилүү роль ойногон башка эл аралык финансы институттарынын өнүктүрүү фонддорун толуктоого активдүү катышууга чакырды.

Ал белгилегендей, дал ушул эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана ушул сыяктуу уюмдар жакырчылыкты жоюуга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга көмөктөшүп, кирешеси төмөн өлкөлөргө маанилүү жардам көрсөтөт.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

24-сентябрда Мамлекет башчысы Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Финляндиянын Президенти Александер Стубб менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кызматташтыктын бардык негизги багыттары боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Андан соң президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын ачылыш аземине катышып, Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Иш сапарын аяктап, 25-сентябрда Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

355