Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришкенине беш жыл толду.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайт.
Бул сүрөттөрдүн көбү буга чейин эч жерде жарыяланган эмес.
- Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров
- Кыргызстан жана Кытай – жогорку деңгээлдеги диалог. Пекин, 5-февраль3.
- Сапардан кийин, Харбин, 7-февраль
- Өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапар. Ош, 14-февраль
- Соттордун XIII курултайындагы диалог. Бишкек, 5-март
- Жолугушуунун форматына карабастан, стратегия жана концентрация башкы орунда, Бишкек ш. 13-март
- Медициналык жардамдын сапаты жана жеткиликтүүлүгү – мамлекеттик саясаттын өзөктүү багыттарынын бири. Ош, 20-март
- Мамлекет башчысынын атынан ооз ачар. Ош, 20-март
- Эне мээрими. Ош, 21-март
- Кезектеги модернизациялоо менен таанышуу. “Учкун” ААК. Бишкек, 24-март
- Борбор калааны өнүктүрүүнүн башкы багыттары талкууда. Бишкек, 25-март
- Тарыхый чечим. Худжанд, 31-март
- Худжанддын борбордук стадионундагы Нооруз эл аралык майрамына арналган жарык шоудан бир элес
- “Борбордук Азия – ЕБ” саммитинин алкагында Европа комиссиясынын Президенти Урсула фон дер Ляйен менен жогорку деңгээлдеги диалог. Самарканд, 3-апрель
- Глобалдык климаттык чакырыктар шартында Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү, Самарканд, 4-апрель
- “Технопарк” IT-хабынын ачылышында атамекендик программисттердин инновациялык иштеп чыгуулары менен таанышуу. Бишкек, 10-апрель
- Расмий сапардын жүрүшүндө Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль Халифага улуттук сувенирлерди тапшыруу учуру. Манама, 21-апрель
- Манама шаарынын борбордук көчөлөрүндө бара жаткан президенттик кортеж, 22-апрель
- Жогорку даражалуу меймандын кыргыз элинин маданияты жана каада-салттары менен таанышуусу. Ысык-Көл, 23-апрель
20. “Ала-Арча” жаратылыш паркында үй-бүлөлүк сейилдөө, 25-апрель
21. “Дүйнөлүк тоо диалогу: “Ала-Арча” жаратылыш паркында Тянь-Шань карагайын отургузуу, 25-апрель
22. Жазгы ишембилик. “Ала-Арча” жаратылыш паркы, 26-апрель
23. “Достук Арена” футболдук стадионундагы алгачкы оюн, Чүй, 26-апрель
24. Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугушууда, Ысык-Көл, 4-май
25. Расмий иш-чаралардан тышкары. Ысык-Көл, 4-май
26. Муундардын биримдиги. Бишкек, 8-май
27. Бишкек шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадда. Бишкек, 8-май
28. Президент Кызыл аянтта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын саптык жүрүшүнө көз салууда. Москва, 9-май
29. Балага камкордук – келечекке камкордук. МИК батирлерин тапшыруу аземи. Манас, 12-май
30. Бата менен эл көгөрөт. Жаңы төрөт үйүнүн ачылышы. Манас, 13-май
31. “Чыгыш менен Батыш жолугушкан жер”. Будапешт, 20-май
32. Иш арасындагы чакан тыныгуу. Будапешт, 21-май
33. Лидерлер, Будапешт, 21-май
34. “Борбордук Азия – Италия” биринчи саммитинин алкагында Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржия Мелони менен. Астана, 30-май
35. УКМКнын жаңы имаратындагы иш бөлмөдө. Бишкек, 31-май
36. Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен “Рух-Ордо” маданий борборунда, Чолпон-Ата, 5-июнь
37. Чүй облусунун Ивановка станциясы айылындагы ишкананын ачылышы. Чүй облусу, 16-июнь
38. Чүй облусуна болгон иш сапар. Кант цемент заводу, 16-июнь
39. Жумушчу кеңешменин алдында. Чолпон-Ата, 19-июнь
40. Келерки аптага жаңы багыттар. Чолпон-Ата, 23-июнь
41. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимге эстелик белек. Путраджая, 25-июнь
42. IV Евразиялык экономикалык форумунун алкагында. Минск, 26-июнь
43. Кремлде. 2-июль
44. Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектепке бара жатканда. Хыдырлы, 3-июль.
45. Мамлекет башчылардын бейформал сүйлөшүүсү. Азербайжан, 3-июль
46. Тажикстанга болгон мамлекеттик сапар. Душанбе, 8-июль
47. Кечки Бишкек. 10-июль
48. Деталдарды тактоо. Чолпон-Ата, 14-июль
49. Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтан тартуу, Ысык-Көл облусу, 21-июль
50. Так коюлган тапшырма. Ысык-Көл облусу, 31-июль
51. “Ала-Тоо Резорттун” курулушунун башталышы. Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен. Ысык-Көл облусу, 8-июль.
52. Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева менен жолугушуу. “Ынтымак Ордо”, 20-август
53. Боордоштор. Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 22-август
54. Жаңы аскер бөлүгүнүн ачылышында. Бишкек, 23-август
55. ИИМдин Ички аскерлерине берилген жаңы техниканы кароо. Бишкек, 23-август
56. “Кумтөрдө” алтынды жер астынан казуу долбоорун баштоо. Ысык-Көл облусу, 27-август
57. Жеке көзөмөлдө: жолдорду текшерүү, Ош, 29-август
58. ШКУнун саммитинин алдында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жана биринчи айым Пэн Лиюань менен. Тяньцзинь, 31-август
59. ШКУ мейкиндигинде диалогду бекемдөө. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен, Тяньцзинь, 1-сентябрь
60. Эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын алдында. Пекин, 2-сентябрь
61. Аксакалдардын батасы. Аэропорттун ачылышы. Нарын, 8-сентябрь
62. Социалдык жана инфраструктуралык курулуш объектилери менен таанышуу, Нарын, 8-сентябрь
63. Иш-чаранын алдында: ар бир деталь маанилүү. Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 18-сентябрь
64. БУУнун Башкы ассамблеясынын аянтчасында лидерлердин жолугушуусу. АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп менен. Нью-Йорк, 24-сентябрь
65. БУУ трибунасынан: дүйнөлүк күн тартибинин негизги маселелери жөнүндө, Нью-Йорк, 24-сентябрь
66. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу. Нью-Йорк, 24-сентябрь
67. Түп – Кеген жолунун ачылышынан сон, президент борборго учуп кетти. Ысык-Көл облусу, 29-сентябрь
68. Кадр артында: Президенттин кайрылуусунун алдындагы акыркы даярдыктар. “Ынтымак Ордо”, 30-сентябрь
69. Көзөмөл жана концентрация. Бишкек шаары боюнча УКМК Башкы башкармалыгынын имаратынын ачылышы, 6-октябрь
70. Натыйжа көңүл чордонунда. Бишкек, 6-октябрь
71. №1 борттун ар бир учуусунун артында кесипкөй команда турат. Жарандык авиация күнүнө карата. Бишкек, 8-октябрь
72. “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышуу сапары. Бишкек, 8-октябрь
73. “Президент” документалдуу тасмасын тартуу учурунан. Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 16-октябрь
74. Ачык маек. Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 16-октябрь
75. Байыркы цивилизациянын жүрөгүндө. Каир, 4-ноябрь
76. Тарыхый сапар. Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен. Каир, 5-ноябрь
77. Ак үй. Тарыхтан көз ирмем. Вашингтон, 7-ноябрь
78. Мамлекет башчыларынын расмий жолугушуусу. Вашингтон, 7-ноябрь
79. “Жаштык” аренасынын ачылышы. Бишкек, 10-ноябрь
80. Учуудагы иш ыргагы. 13-ноябрь
81. “Манас Ордодо” куран окуу. Талас, 13-ноябрь
82. Өлкө лидерлери Ислам цивилизациясынын борборунда, Ташкент, 15-ноябрь
83. Иш-чарадан кийин. Бишкек, 20-ноябрь
84. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында. Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 26-ноябрь
85. Мамлекет башчыларынын бейформал баарлашуусу. Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 26-ноябрь
86. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн кийин. Бишкек, 30-ноябрь
87. Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркында (NASTP), Исламабад ш.
88. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен достук кол алышуу, Исламабад, 3-декабрь
89. Иш сапар. Ашхабад, 3-декабрь
90. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен сүйлөшүү. Ашхабад, 11-декабрь
91. “Мурас” футболдук турниринин беттештери арасында. Бишкек, 13-декабрь
92. Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинин алдында. Бишкек, 17-декабрь
93. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйынында. Бишкек, 17-декабрь
94. Япониянын Императору Нарухито менен жолугушуу. Токио, 19-декабрь
95. Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити менен “Борбордук Азия + Япония” диалогунун биринчи саммитинин алкагында. Токио, 20-декабрь
96. Чүй облусуна иш сапар. Бишкек, 27-декабрь
97. IV Элдик курултайды өткөрүү учурунан. Бишкек, 25-декабрь
98. Бишкек полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун ачылышында. 27-декабрь
99. “Ала-Арча” паркындагы асма жолду көрүп чыгуу. Бишкек, 31-декабрь
100. Кадр артындагы даярдык. “Ала-Арча” жаратылыш паркы, 26-декабрь



