7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи өттү

149

Бүгүн, 5-февралда, Пекин шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды. Өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.

Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң өлкөлөрдүн лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүштү. Салтанат аяктагандан кийин Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

150