7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

311

Президент Садыр Жапаровдун 11-октябрда Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумга катышты.

Иш-чарага Армения, Иран, Пакистан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголиянын Президенттери, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, эл аралык уюмдардын жетекчилери, чет мамлекеттердин өкмөт мүчөлөрү, көрүнүктүү окумуштуулар, маданият ишмерлери жана дипломаттар катышты.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы Махтумкули Фраги — бул карт тарыхтагы жөн гана ысым эмес, ал – эркиндиктин, адамгерчиликтин жана жогорку адеп-ахлактын символу болуп, анын орошон ойлору жана чыгармачылыгы мезгилдердин, элдердин жана цивилизациялардын ортосунда көпүрө катары кызмат кыларын баса белгиледи.

Президент Махтумкули Фраги өзүнүн поэтикалык дүйнөсүндө элдик чыгармачылыктын бардык түстөрүн, байлыгын чогулта алганын айтты: анын чыгармалары биримдикке чакырган күч да боло алат, анткени поэзия — баарлашуунун универсалдуу жолу болуп саналат. Акын өз ырлары аркылуу адамдарды ыймандуу, мекенчил, айкөл, эр жүрөк жана ар-намыстуу болууга үндөгөн.

Форумдун жүрүшүндө Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгынын урматына медаль менен сыйлады.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Махтумкули Фрагинин тандалма чыгармаларынын кыргыз тилиндеги китебин тартуу кылды. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон иш сапарын аяктап, 11-октябрда Бишкекке кайтып келди.

312