7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды

730

Садыр Жапаровдун ушул жылдын 5-6-августунда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган иш сапары жыйынтыкталды.

Консультативдик жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери региондогу өлкөлөрдүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүү аспектилерин талкуулашты.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушууларды жүргүздү.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык форуму болуп өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

731