Улукбек Марипов 7-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Оттук айылына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оттук айылында селдин кесепетинен 320 турак үйдүн короолорун суу каптап, 64 турак үйгө сел суулары кирип, 3 үй авариялык абалда калган.
Министрлер Кабинетинин башчысы турак үйлөрдүн абалын карап чыгып, бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле ал Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы «Кредо-Бак» кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышып кайтты. Ишкана мөмө-жемиш ширелерин, пюрелерди жана нан азыктарын чыгарат. Анда жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткыч жабдуулар бар.