Кызыл-Кыя шаарында өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 4-августта анын турак үйүн текшерген учурда Ош, Кызыл-Кыя шаарынын 5 тургуну сойкулук менен алектенгендиги аныкталган.
«Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда Кызыл-Кыя шаарынын 33жаштагы тургуну убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.