7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровго V Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы наамы ыйгарылды

438

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Чыңгыз Айтматов атындагы V Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилиги тараткан маалыматта айтылат.

Иш-чара 12-декабрда Түркиянын Анкара шаарында өтүп, ага 500дөн ашык адам катышты. Форум Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталды.

Форумдун негизги темалары түрк дүйнөсүнө тиешелүү биргелешкен долбоорлор жана сунуштар, ошондой эле түрк мамлекеттеринин 2040-жылга чейинки келечектеги максаттары болду.

Иш-чарага Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Н. Алпарслан, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору профессор М.К.Арыжан, Түркия парламентинин депутаттары, министрлик жана ведомстволорунун, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Белгилей кетсек, форумдун экинчи этабы 2024-жылдын 8-10-июнунда Азербайжандын Баку шаарында өтөт.

 

 

439