7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев Кыргызстанга келди

541

Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуусу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышына катышуусу пландалууда.

Белгилей кетсек, Саха Республикасы (Якутия) — Россия Федерациясынын аймагы боюнча эң ири субъектиси жана экономикалык, маданий жана жаратылыш жагынан эң маанилүү аймактардын бири. Кыргыз Республикасы менен Саха Республикасы (Якутия) көп жылдык салттуу байланыштарга ээ.

 

542