7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевге коронавирус жугуп, үйдөн иштөөгө өттү

980

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 менен ооруп, 3 күндөн бери үйдөн иштеп жатат. Маалыматты министрликтин маалымат кызматы тастыктады.  Министр Бейшеналиевдин өзү азырынча чалууларга жооп бере элек.

Бирок, 24.kg агенттиги ПЦР тест вирусту аныктап, уу коргошун ичип жаткандыгын өзү айтты деп жазып чыгышты.

«Мен уу коргошунду үчүнчү күнү ичип жатам. Кечээ өзүмдү жаман сезип жатканмын, бүгүн сүйлөп калдым. Үйдөн иштеп жатам», -деп жазылган.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев Спутник вакцинасын алган. Андан тышкары ал буга чейин дагы уу коргошун ичип жүргөнүн айткан.

Жазында пресс- конференция берип, уу коргошун коронавирустун алдын алып, иммунитетти күчөтөт деп, коомчулуктун алдында ичкен болчу. Учурда коронавирустан ооруп жатканы чын болсо, демек вакцина да, аконит да жардам бербеген болот.

Саламаттык сактоо министри түз эфирде уу коргошунду ичип көрсөттү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

981