7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоо уюмдарына 33 тез жардам унаасы сатылып алынды

1029

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, республиканын калкынын тез медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында “Акылдуу шаар” долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында КРнын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылы 169 347 500 сом кошумча каражат бөлүнгөн.

«Коопсуз шаар» долбоорунан бөлүнгөн кошумча каражаттын эсебинен Министрлик тарабынан республиканын алыскы аймактары, областтык жана райондук борборлору үчүн, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы тез жардам кызматынын адистештирилген бригадалары үчүн 33 «Соболь» жана «Газель» маркасындагы тез жардам унаалары сатылып алынды.

Автоунаалар тез жардам станциясынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн республиканын аймактарына, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларына бөлүштүрүлөт.

Автоунаалардын аймактарга жана шаарларга бөлүштүрүлүшү:
1. Баткен облусуна – 7 унаа
2. Жалал-Абад облусуна -6 унаа
3. Ош облусуна -3 унаа
4. Ысык-Көл облусуна – 5 унаа
5. Нарын облусуна – 2 унаа
6. Талас районуна -2 унаа
7. Чүй облусуна -1 унаа
8. Бишкек шаарына -5 унаа
9. Ош шаарына -2 автоунаа

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2020-жылы 39 тез жардам унаасы сатылып алынып, Кыргызстанга 2021-жылы жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1030