7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Салбуурун” фестивалы дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтерди чогултту

245

Ысык-Көлдүн түштүк жээги ачык асман алдындагы аренага айланды. “Салбуурун” этнофестивалы дүйнө жүзүндөгү туристтерди кыргыз элинин маданияты менен жакындан таанышууга, байыркы көчмөндөрдүн салттуу аңчылык жана этно-оюндарына суктанууга мүмкүнчүлүк түздү.

Бөкөнбаев айылындагы аянтчада фестивалдын конокторуна мергенчилик, канаттуулар (бүркүттөр), тайгандар жана кыргыз жылкы породалары көрсөтүлдү. Ошондой эле “Кыргыз күрөш”, “Кыз куумай”, “Тайган жарыш” сыяктуу жана башка улуттук оюндар көрсөтүлдү. Айрыкча кызыктуу шоу болуп, бүркүтчүлөрдүн бүркүттөр жана тайгандар менен аң уулоосу, жаа атуу боюнча мелдеши жана ат үстүндө оюн көрсөтүүсү болду.

Салбуурун фестивалынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу Алмазбек Акунов бул фестивалдын келечеги бар экенин белгиледи.

“Бул иш-чараны өткөрүү менен биз кыргыз элинин маданий мурасын жана аталарыбыз, чоң аталарыбыз эмне менен алектенгенин көрсөткүбүз келет. Биз жаштарды каада-салттын духунда тарбиялап келебиз. Анын аркасында жылдан жылга салбуурунчулардын саны көбөйүп жатканы кубандырат”, — деди ал.

246