7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салмагы 200 килограмм болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду

560

Жалпы салмагы 200 килограмм болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 292-берененин 2-бөлүгү (Күчтүү же уулуу заттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган.

Кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 24-сентябрында жалпы салмагы 200 кг металл сымапты 1 кг 100 АКШ долларынан мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1965-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган А.М.У. жана 1995-жылы туулган А.у.Б. аттуу КР жарандары кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жыйынтыгы менен шектүү жарандар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда өтө эффективдүү уулуу затты уурдоо, ташуу жана сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561