7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салмор Дыйканов: Франциядагы Куршевелдин аты кыргыздын эле «Курча бел» деген сөзүнөн чыккандай

478

Аналитик жана коомдук ишмер Салмор Дыйканов: Акыркы мезгилде президент жана өкмөт туризмге жакшы көңүл буруп, тармакты иштете баштады, бирок дагы деле «жапайы туризм» да бар – алар мейманкаларга токтобойт, туристтик фирмалардын тейлөөсүнөн дагы баш тартат, демек, мамлекетке да салык төлөбөйт жана коопсуздук көзөмөлүнөн дагы сыртта калат. Борбордук жана жергиликтүү бийлик туризмдин ушул жагына да көңүл буруп, абалды ирээтке келтирсе жакшы болмок.

Бишкектин жанында Baytik Mountain Resort деген эс алуучу борбор курулуу алдында, Көлдөгү «Үч чоку» долбооруна утурлай «Кыргыз Куршевель» деген ишкана дагы түзүлдү. Франциядагы Куршевель кышкы курортун мен көргөм, айланасынын баары тоо, ошондуктан, анын аты байыркы «Курча бел» деген кыргыз сөзүнөн чыкканбы деп ойлойм. Кыргыздар өз байыркы маданиятын сактап келген эл, мисалга, бир кезде казактар менен өзбектерде Манас айтуу сыяктуу оозеки өнөр болгон, бирок алар аны жоготуп койгон…

479