7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык карызы бар 535 адамга өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилди

628

Мамлекеттик салык кызматы салык карызы бар деп таанылган 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусун чектеди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары, Сот департаментине 1128 салык төлөөчүгө карата материалдар чыгууга чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Салык кодексинин ченемдерине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып салык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата бир катар чектөө чаралары колдонулууда.

«Салык кызматынын органдары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы 1000 эсептик көрсөткүчтөн (100 миң сом) ашкан жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү тапшырылган учурдан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде аткарылбаган жеке жактын же уюмдун жетекчисинин өлкөдөн чыгууга чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы менен Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин ортосунда аткаруу документтери менен иш алып баруудагы өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

Бул макулдашууга ылайык салык органдарынын салык карызын өндүрүү боюнча материалдарынын негизинде сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү тарабынан мүлктү камакка алуу, чыгууга тыюу салуу, ошондой эле башка алдын алуу иш-аракеттери түрүндө чектөө чаралары көрүлөт»,- деп берилет билдирүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629