7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы: үгүтчүлөр патенттин негизинде салык төлөбөйт

24

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди салык мыйзамдарынын жоболорун сактоо тууралуу эскертет.

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге салык мыйзамдарынын нормалары жөнүндө эскертет.

— Талапкерлердин ишенимдүү адамынын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы же үгүт кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан жеке жактар тарабынан алынган каражаттарга киреше салыгы салынбайт.

— Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде үгүтчүлөрдүн иши патенттик негизде салык салынуучу иш түрлөрүнүн тизмесине кирбейт.

— Дагы бир маанилүү жагдай — «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жөнүндө» Мыйзамга ылайык, үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери жана сый акысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

— Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерди салык салууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболоруна ылайык иш жүргүзүү зарыл.

25