7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы: Иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каттоосу жокко чыгарыла баштайт

179
Салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгарууну баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалым болгондой, Мамлекеттик салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады.
«Тизме аймактык салык органдарына ал расмий жарыяланган учурдан тартып 30 күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берет.
Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, негиздери болсо же суроолору пайда болсо, салык органдарына мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен кайрыла алышат», — делет маалыматта.
Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр тизмени Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын башкы бетиндеги “Башка бөлүмдөр” бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/tizme шилтемеси аркылуу көрө алышат
180