7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматында Temu платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

507

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары — Мирлан Рахманов жана Кубанычбек Ысабеков Temu электрондук соода платформасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун негизги темасы платформанын каттоодон өтүүсү жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү маселелери болду.

Тараптар электрондук коммерцияны укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча пикир алмашып, онлайн чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана салыктык милдеттемелерди аткаруу механизмдерин талкуулашты.

Temu платформасынын өкүлдөрү жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын аткарууга кызыктар экендигин билдиришип, Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн каттоого даяр экендигин тастыкташты.

508