7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматынын төрагасы ишкерлерге кайрылды

227

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ишкерлерге жана салык төлөөчүлөргө кайрылды.

«Урматтуу ишкерлер жана салык төлөөчүлөр! Жыл башынан бери мен ар кандай секторлор боюнча бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен ондогон жолугушууларды өткөрдүм. Мен үчүн Кыргызстандын салык системасынын көйгөйлөрүн, ал кайсы жерде кедергисин тийгизип жатканын, аны мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарын эске алуу менен кантип ыңгайлуу жана тең салмактуу кылууга боло тургандыгын өздөрүнөн угуу маанилүү болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө мен бардык сунуштарыңыздарды эске алууга аракет кылдым. Алардын арасында салык чогултуу процессин кескин жакшыртууга жана жалпысынан салык саясатына таасир бере турган шыктандыруучу идеялар айтылды.

Бизнес менен мындай сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында көп нерселер белгилүү бир чечимдерге айланды. Мисалы, көчмө текшерүүлөрдү реформалоо жүргүзүлдү, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу механизмине өзгөртүүлөр киргизилди, санариптештирүү процесстерине жаңы импульс берилди, контролдук-кассалык машиналарды жана ЭТТКны интеграциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө, анын максаты ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана эсепке алууну жөнөкөйлөтүү болуп эсептелет.

Бирок, бизде салык системасы боюнча креативдүү жана терең ойлору бар адамдар дагы бар деп ойлойм. Ошондуктан, сунушун бөлүшкүсү келгендерди кошумча натыйжалуу байланыш форматында, тактап айтканда, мага түздөн-түз WhatsApp +996502433733 номерине байланышууга чакырам.

Мындай кайтарым байланыш үчүн атайын форма жок, бирок сунуштар так жана жүйөлүү болушу керектигин түшүнөсүздөр деп ишенем. Башкача айтканда, көйгөйдү белгилөө жана аны кантип чечүү керек. Айта турган сөзү бар адамдардын баарын угабыз.

Салыктарды төлөө – аткарылышы керек болгон милдет экендигин баарыбыз түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө салыктар кайда жана эмнеге кетип жаткандыгы ачык көрүнүп турат: жолдор, ооруканалар, мектептер, бала бакчалар жана маданият объектилери курулуп жатат. Мамлекет коррупция менен болуп көрбөгөндөй күрөшүп, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдө.
Ал эми биз биргелешкен аракет менен идеалдуу эмес, бирок мүмкүн болушунча адилеттүү салык режимин түзө алабыз. Өзүнүн идеяларын бөлүшкөн жарандарга алдын ала ыраазычылык билдирем!»,- деди Шыкмаматов. 

228