7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сапатсыз битум алып келген компаниялар текшерилүүдө

312

Ошто «Курулушсертификация» республикалык борборунун түштүк филиалынын адистери жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча, талаптарга жооп бербеген компаниялар тарабынан сапатсыз битум ташып келүү фактысы тастыкталды. Бул туурасында УКМК билдирди.

Продукциялар тиешелүү декларациясы жана каттоосу жок алынып келинген, бул сапатсыз жана потенциалдуу кооптуу продукцияны ташып келүү аракеттерин көрсөтүп турат.

Жол курууда жасалма битумду колдонуу бюджетке зыян келтирип, жолдун үстүн жана коопсуздук нормаларын бузууга алып келет.

Мындан улам, тергөө иштеринин жыйынтыгында битум алып келген компаниялардын кызматтык имараттарында тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү битум чуңкурлары мөөрлөнүп бекитилди.

Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

313