7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сапатсыз курулган мектепти кабыл алган кызматкерлерге кылмыш иши козголду

417

Кочкордо сапатсыз курулган мектепти колдонууга кабыл алган кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Текшерүүдө, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы мектептин курулуш иштери сапатсыз жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, аткарылган жумуштардын актыларын кабыл алышкандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, пианино, муздаткыч, тигүү машиналары өңдүү керектүү жабдыктар жана эмеректер жок болгондугуна карабастан формалдуу түрдө жалган актыларды түзүү менен акча каражаттарын мыйзамсыз негизде куруучу ишканага которуп беришкен. Мамлекетке 4 млн 626 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

418