Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктары үчүн имараттарды сатып алуу туура жана өз убагында жасалган кадам болуп саналат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине саясат таануучу Марс Сариев билдирди.
«Мен өзүм дипломат болгом жана чет өлкөлөрдө Кыргызстанга таандык имараттын болушу канчалык маанилүү экенин билем. Бул биздин дипломаттарга ижарага алынган имаратка караганда жемиштүү иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, мындай имараттар дипломатиялык статуска ээ болуп, Кыргызстандын аймагы болуп калат. Өлкөнүн финансылык ресурстары консулдук жана дипломатиялык кызматтар үчүн өздүк объектилерин сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул Кыргызстандын экономикасынын өнүгүп жаткандыгынын жакшы белгиси», — деп белгиледи эксперт.
Ошондой эле анын айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн өз мүлкүнө инвестиция салуусу келечекте өзүн актайт.
«Дипломаттардын ишинин сапаты жана Кыргызстанды экономикалык жана саясий жактан алдыга жылдыруу чыгымдардын ордун толтурууга мүмкүндүк берет. Кандай гана болбосун бул дипломатиялык мамилелердин натыйжалуулугун жогорулатат», — деп баса белгиледи Сариев.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен КР Тышкы иштер министрлиги дипкорпустун муктаждыктары жана кызматкерлердин чет өлкөдө жашоосу үчүн имараттарды сатып алууга киришкен. Бул чечим мамлекеттик бюджеттин түйшүгүн жеңилдетүүгө жана дипломаттардын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.