7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү (ВИДЕО)

159

Бүгүн, 6-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин тик учагы Жалал-Абад облусундагы Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүдө калган жаранды куткаруу операциясына учуп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таң эрте жеринде 28 адам (анын ичинен 16сы ӨКМ кызматкерлери) жана 6 даана техника издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Белгилүү болгондой, 5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган.

Кечээ бул аймакка ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “China Railway International” компаниясынын 4 кызматкери жүктөгүч техника менен жөнөтүлгөн. Ошондой эле ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылган.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Ч. Шекенов кырдаалды көзөмөлгө алуу жана куткаруу иштерин ыкчам улантуу максатында жыйын өткөрүп, кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик эки техникасын жолду ачууга тарткан.

Белгилей кетсек, бул унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде убактылуу жабылган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

160