7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сары-Өзөн Чүйдө жашаган 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү «Достук» фестивалын өткөрүүдө

1154

Бүгүн, 27-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Сары-Өзөн Чүй  боорунда жашаган 80ден ашуун улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргызстан менин мекеним» аталышындагы достук фестивалы башталды. Иш чара Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин демилгеси менен уюштурулган.

Ага облустун ар бир 9 район, айылдарынан ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышууда. Көргөзмө 29-августка чейин уланат.

Людмила Травченко Токмок шаарынын тургуну, бүгүнкү иш чарага славян маданиятын, кийим-кече, буюмдарын тааныштуруу үчүн чакырылган.

«Бул иш чарага чакырылганыма кубанычтамын. Биздин Кыргызстанда жашап жаткан баардык улуттүн өкүлдөрү катышууда. Бул ынтымагыбызды бекемдеп, майрамдык маанай тартуулайт «-дейт Травченко.

Иш чарага борбор калаада жашаган карачай улутунун өкүлдөрү да катышып, улуттук баалуулуктарын көргөзмөгө коюшкан. Эске салсак бул улуттун өкүлдөрү Кыргызстанда 1943-жылдан бери жашап келишет. Андыктан, Кыргызстандын Эгемендүулүгү биз үчүн да чоң майрам деп эсептейт.

 

Сыры-Өзөн Чүй боорунда канча көп улут болсо да кыргыз маданияты өзүнүн бай тарыхы, улуулугу, нарктуулугу менен айырмаланып, бийик бааланып келген. Албетте, бүгүнкү көргөзмөнүн ичинде да кыргыз бурчу өзгөчөлөнүп турду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1155