Бүгүн, 27-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Сары-Өзөн Чүй боорунда жашаган 80ден ашуун улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргызстан менин мекеним» аталышындагы достук фестивалы башталды. Иш чара Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин демилгеси менен уюштурулган.
Ага облустун ар бир 9 район, айылдарынан ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышууда. Көргөзмө 29-августка чейин уланат.
Людмила Травченко Токмок шаарынын тургуну, бүгүнкү иш чарага славян маданиятын, кийим-кече, буюмдарын тааныштуруу үчүн чакырылган.
«Бул иш чарага чакырылганыма кубанычтамын. Биздин Кыргызстанда жашап жаткан баардык улуттүн өкүлдөрү катышууда. Бул ынтымагыбызды бекемдеп, майрамдык маанай тартуулайт «-дейт Травченко.
Иш чарага борбор калаада жашаган карачай улутунун өкүлдөрү да катышып, улуттук баалуулуктарын көргөзмөгө коюшкан. Эске салсак бул улуттун өкүлдөрү Кыргызстанда 1943-жылдан бери жашап келишет. Андыктан, Кыргызстандын Эгемендүулүгү биз үчүн да чоң майрам деп эсептейт.
Сыры-Өзөн Чүй боорунда канча көп улут болсо да кыргыз маданияты өзүнүн бай тарыхы, улуулугу, нарктуулугу менен айырмаланып, бийик бааланып келген. Албетте, бүгүнкү көргөзмөнүн ичинде да кыргыз бурчу өзгөчөлөнүп турду.