7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд Арабия чет өлкөлүк зыяратчыларга ажылык сапарга уруксат берди

741

Сауд Арабия чет өлкөлүк зыяратчылар үчүн эки жылдан бери токтоп турган ажылык сапарга барууга уруксат берди. Бул тууралуу Saudi Press Agency жазды.

Маалыматка ылайык, Меккеге быйыл бир миллион киши бара алат. Сауд Арабия ажылык үчүн өз жарандарына да, чет өлкөлүктөргө зыяратчылардын келе ала турган санын көбөйттү. Бул ирет ажылык сапарга барууга 65 жашка чейинки адамдарга гана уруксат берилет. Ошондой эле коронавируска каршы эмделген болушу шарт. Алар келери менен коронавирус илдети жоктугун көрсөткөн ПЦР-тестти да тапшырышы керек. Быйыл ажылык сапарды 7-12-июль күндөрү уюштуруу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742